Загрузка документа…
БАКАЙ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 23
«Бакай-Ата айылынын Кеңеш көчөсүндөгү №35 муниципалдык менчик үйдү сатыкка коюу жөнүндө»
(Ленинполь айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы №49 токтомунун редакциясына ылайык)
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 19-июнундагы сессиясы карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын Кеңеш көчөсүндөгү №35 муниципалдык менчик үйү, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (22.06.2016-ж дагы редакциясы) муниципалдык мүлктөрдү менчиктештирүү методтору (усулдары) жөнүндөгү 12-1 беренесинин,4- абзацына ылайык, Орозбаева Кулайчага кийин сатып алуучу ижарага өткөрүлүп берилсин.
2. Кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү боюнча Бакай-Ата айыл өкмөтү менен Орозбаева Кулайчанын ортосунда эки тараптуу келишим 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлсүн.
3. Ижаралык мезгилдеги муниципалдык үйдүн ижара акысынын өлчүмү мыйзамга ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |