Загрузка документа…
БАКАЙ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 24
«Бакай-Ата айыл аймагында жайгашкан көчө боюндагы таштандыларды өз убагында чыгарбаган, суу келүүчү арыктарын казбаган жана малдарын талаага бош кое бергендерге айып пул салуу жөнүндө»
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 19-июнундагы сессиясы карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айып пул төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлсүн.
Көчө боюна ташталган таштанды малдын кыйы үчүн – 3000 сом;
Арыктарын казбагандар үчүн – 2000 сом;
Дыйкандардын жеке менчик жер участокторуна жана талаалардагы жер үлүштөрүнө тигилген мөмө жемиштерине, айдалган дан эгиндерине мал киргендер үчүн жылкы 1 башына – 2000 сом, бодо мал 1 башына – 2000 сом, кой-эчкиге 1 башына – 100 сом;
Арыктарын көчө боюна чыгарып салгандарга – 1000 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |