Редакцияот 17.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XIII сессиясы

 

2018-жылдын 17-февралы № 2

Айыл өкмөттүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-б,2-п таянып,Сакалды айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышын угуп жана туруктуу комитеттин корутундусу менен таанышып чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча аталган айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.

2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетинин курамына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Бекназаров