САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIII сессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 3
Жарандарга “Сакалды айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, тийиштүү туруктуу комитеттин корутундусу менен таанышып чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык эмгеги үчүн аталган айыл аймактын төмөндөгү атуулдарына “Сакалды айыл аймагынын ардактуу атуулу”ардактуу наамы ыйгарылсын.
1) Батыров Салижан- Кагазды айылынын жашоочусу;
2) Мадаминов Ислам –Кыргызстан айылынын жашоочусу;
3) Тешебаева Иноятхан –Чарбак айылынын жашоочусу;
4)Абдиназаров Мамажан –Аримжан айылынын жашоочусу;
5) Бекешов Сламжан-Бөбүй айылынын айыл башчысы;
6) Акбаров Шакирали-Сакалды айылынын жашоочусу;
7) Камбаров Миршатбек –Чек айылынын жашоочусу;
8) Назаров Алманбет Анарбаевич-Сакалды айылынын атуулу ;
9) Орозалиев Маматкасым-Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
10) Артыков Абдыкерим –Чоӊ-Багыш айылынын жашоочусу;
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |