Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIII сессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 4
Сай-Бою айылына айыл статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри д.А.Кенекееевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана Республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Сакалды айыл аймагындагы Сай-Бою калктуу конушуна айыл статусу берилсин.
2. Бул калктуу пункттун схемалык картасын,чек араларынын баяндамасын,калктуу конуштун аннотациясын,экономикалык эсептөөлөрүн даярдоо Сакалды айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |