Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIII сессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 5
Чоӊ-Багыш айылындагы чачтарачкананы жеке менчикке иштетүүгө берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы жергиликтүү коомчулуктардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндөгү №531 токтомуна ылайык иштетүүгө өткөрүлүп берилген Чоӊ-Багыш айылындагы чачтарачканын документтерин карап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Багыш айылындагы муниципалдык менчиктеги чачтарачкана жеке менчикке Рахимов Адылжанга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз өткөрүлүп берилсин.
2. Аталган чачтарачкананын тийиштүү документтерин жасап берүү Ноокен райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |