Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIII сессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 6
Атуулдардын арыздарын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, тийиштүү туруктуу комитеттин корутундусу менен таанышып чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сакалды айыл аймагында жашаган жаран Исманова Тажикандын 2018-жылдын 15-февралындагы айыл өкмөттүн башчысына жазган арызын, Исмаилов Бахтиярдын 2018-жылдын 14-февралындагы айыл өкмөттүн башчысына жазган арызын жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы №02-144/774 сандуу катын карап чыгып,алардын арыздарын канааттандыруу максатында ;
Исманова Тажиканга -25000(жыйырма беш мин) сом,
Исмаилов Бахтиярга -25000(жыйырма беш мин) сом,
Осмонов Абдрашиттин Россия мамлекетинин Удмурт Республикасына билим берүү тармагынын маселелери боюнча барып келүү сапары үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 10000(он миӊ)сом каражат демөөрчүлүк жардам катары ажыратылып берилсин.
2. Аталган каражаттарды мыйзамда тыюу салынбаган булактардан карап бөлүп берүүнү камсыздоо айыл өкмөттүн тийиштүү адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |