Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIII сессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 7
Көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри д.А.Кенекееевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Сакалды айыл аймагынын айылдарындагы аты жок жаӊы көчөлөргө ат коюу боюнча айылдардан келген протоколдор бекитилсин:
1) Аримжан айылындагы аты жок жаӊы кыска көчөгө маркум Исмаилов Дурусбектин ысымы ыйгарылсын. .(оӊ тарабы 1-13 номерге чейин,сол тарабы 2-18ге чейин)
2) Кыргызстан айылындагы аты жок туюк жаӊы көчөгө маркум Абишев Эркиндин ысымы ыйгарылсын.(оӊ тарабы 1-19 номерге чейин,сол тарабы 2-22ге чейин)
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |