САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 02-марты №2
Сакалды айыл өкмөтүнүн Г.Осмонов көчөсүнө жол белги коюуга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөттүн ички жолдорундагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Сакалды айыл өкмөтүнүн Г.Осмонов көчөсүнүн эки жеринде “лежачий полицейский” жол белгисин орнотууга уруксат берилсин.
2. Бул жумуштардын аткарылышы үчүн тийиштүү документтерди даярдоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |