Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 02-марты № 3
Сакалды айыл аймагындагы жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Сакалды айыл аймагынын территорясында бонитети төмөн,мелиоративдик даярдыктагы жакшыртууну көп талап кылган,кыртышы начар,айдалбай турган жерлер тургандыгы аныкталган.Сакалды айыл аймагындагы калктын саны көбөйүп,бир кожолукта эки –үчтөн үй бүлө жашап,жаш үй-бүлөлөрдүн турак жайга муктаждыгы курчуган. Көп жылдан бери сугат аянт жерлерге мараторий жарыялангандыгына байланыштуу бул көйгөй социалдык маселеге айланууда.Ушул маселени жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине негиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл аймагындагы айыл-чарба багытындагы асылдуулугу төмөн,көп чыгым талап кылуучу, кыртышы эрозияга учураган,бонитети төмөн жалпы 44,05-га аянттагы мелиоративдик даярдыктагы жер тилкелерди калктуу конуштардын жерлери категориясына трансформациялоо(которуу) сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Ноокен райондук жер жана мамлекеттик каттоо,Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыктарынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |