Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 29-майы № 1
Сакалды айылы Айыл чарба химия имаратын айыл өкмөттүн балансына алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,” Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине,”Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.” Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде мамлекеттик менчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына менчик качан жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн зарыл болгондо өткөрүлүп бериле тургандыгына ылайык Сакалды “Айыл чарба химия” ишканасынын имараты айланасындагы 6,10 га жер тилкеси менен Сакалды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жагы жактырылсын.
2. Бул маселеге тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жана жогору турган органдардан зарыл документтерди бүтүрүү камсыздалсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |