Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 29-майы №2
Тентек Сайдан шагал алуучу жеке ишкердин ижара акысын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жер астындагы байлыктар” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тентек Сай дарыясынын ичинен шагал алуу жана шагалды кайра иштетүү боюнча жеке ишкер Камбаров Шерзад менен анын бул участкада оор техникаларды иштетип жатканын эске алып, айыл өкмөттүн ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн. Ижара акынын өлчөмү бир сезонго 30000(отуз миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.Бул келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлүп,ар жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы айылдык кеӊеште каралып,зарыл болгон учурда айыл өкмөт тарабынан келишимди бир тараптуу бузуу боюнча маселе айылдык кеӊештин кароосуна коюлсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |