Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 29-майы № 3
“ Сүйүнбай Суу” СПАсына жумушчу каана ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл аймагындагы “ Сүйүнбай Суу” СПАсынын адистерин туруктуу отуруп,жашоочуларды сугат суу менен камсыздоо адистеринин жумушуна шарт түзүп берүү максатында Кыргызстан маданият үйүнүн иштетилбей бош турган эки каанасын убактылуу иштетип туруу үчүн берилсин.
2.“ Сүйүнбай Суу” СПАсынын адистерине бул имараттын айланасындагы тазалыкты сактоо,кааналардын ички ремонтуна,эмеректерине этиат мамиле жасоо милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |