Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 29-майы № 4
Айыл өкмөттүн балансындагы айрым имараттардын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кагазды айылындагы башталгыч мектептин,Кормоцех кичи айылындагы мурдагы башталгыч мектептин имараттарынын максаттуу багытын өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Муниципалдык менчик жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кормоцех кичи айылында 225 орундуу жаӊы мектептин имараты ишке берилгендигине байланыштуу мурдагы башталгыч мектеп катары пайдаланылган имарат балдар бакчасы катары жана Кагазды айылындагы мурдагы мектептин кошумча имараты бала бакча катары максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси К.Абдилат уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Бул эки имараттын максаттуу багытын өзгөртүү (перепрофилирование) жөнүндөгү керектүү иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү,долбоордук документтерин иштеп чыгуу Ноокен райондук архитектура жана шаар курулуш, райондук мамкаттоо башкармалыктарынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана укуктук нормативдик актыларынын талаптарына ылайык иш жүргүзүү Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комитетине,төрагасы А.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |