Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 29-майы № 5
Айыл өкмөттүн ички жолдоруна атайын жол белги орнотуу жөнүндө
Бөбүй айылынын негизги жолундагы жөө жүрүүчүлөрдүн жана автоунаа ээлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында , “Муниципалдык менчик жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөбүй айылынын ички жолдорунда жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында эки жерге атайын жол белги “Лежащий полицейский” орнотулсун.
2. Бул боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап,тийиштүү мекемелер менен макулдашуу жүргүзүп , токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |