Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 30
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине атайын фонддон келип түшкөн акча каражатын бекитип берүү боюнча
Торкен айыл өкмөтүнүн Кара Жыгач айылынын кичи футболдук аянтчасына жана Көтөрмө айылындагы ФАП тын капиталдык ремонтуна атайын фонддон түшкөн акча каражатын бекитип берүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Торкен айыл өкмөтүнүн Кара Жыгач айылынын кичи футболдук аянтчасына жана Көтөрмө айылындагы ФАП тын капиталдык ремонтуна атайын фонддон келип түшкөн 1453,0 миӊ сом акча каражаты бекитилип, бул акча каражаттары 31113290 беренесине 953,0 миӊ сом жана 31112390 беренесине 500,0 миӊ сом бекитилип берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
Төрага | У.Бучуков |