Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 02-июлу № 33
«Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого» ылайык муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302- токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого» ылайык муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. «Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого » ылайык муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. «Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө» жобосу жана муниципалдык кызматтардын бекитилген кошумча тизмеси менен мыйзам чегинде иш алып баруусу айыл өкмөтүнө жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү, стандартын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |