Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2018-жылдын 02-июлу № 35
Торкен айыл аймагынын балансында турган атайын техниканын иштөө тартибин жана иштөө акысын бекитүү жөнүндө
Торкен айыл аймагынын балансында турган атайын техниканын иштөө тартибин жана иштөө акысын бекитүү жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөтүнүн баласындагы атайын техника саатына 3200 сом кызмат акысы менен иштөөсү, түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн кассасына түшүүсү жана техника коопсуздугун сактоо жагы техника айдоочуга милдеттендирилсин.
2. Иштөө тартиби айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин көзөмөлүндө болуусу белгиленсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |