Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы N 873 токтому менен бекитилген |
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы N 203, 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун (мындан ары - Борбор) негизги иши айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ болгон коммерциялык эмес уюм (мекеме) болуп эсептелет. Борбор юридикалык жактын статусуна, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
3. Борбордун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын, Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ушул Уставдын жоболорун, Борбордун жетекчилигинин актыларын жетекчиликке алат.
5. Борбордун иш кагаздары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргыз, орус жана англис тилдери жумушчу тилдер болуп саналат.
6. Борбордун толук расмий аталышы:
кыргыз тилинде: Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору;
орус тилинде: Центр конкурентоспособности агробизнеса;
англис тилинде: Agribusiness Commpetitiveness Center;
борбордун кыскартылган аталышы:
кыргыз тилинде: ААЖБ;
орус тилинде: ЦКА;
англис тилинде: АВСС болуп айтылат.
7. Борбордун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 114, 306-бөлмө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борбор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүүгө укуктуу.
9. Борбор өзүнүн максаттарын жана милдеттерин аткарууда иштин жана кызматташтыктын негиз болуучу принциптерин: келишпөөчүлүктү, объективдүүлүктү, чынчылдыкты, ачыктыкты, тартылууну жана өнөктүктү, натыйжалуулукту, автономияны, экологиялык коопсуздукту бекем сактайт.
II. Борбордун негизги максаттары
10. Борбордун негизги максаттары айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөргө агробизнести башкаруу боюнча алардын жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн күчөтүү жана бизнес-чөйрөнүн элементтерин жакшыртуу, башкаруучу консалтинг жагындагы жергиликтүү кесипкөй кадрларды даярдоо, ошондой эле Борборду өз алдынча консалтингдик компания катары калыптандыруу аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
III. Борбордун ишинин негизги милдеттери жана багыттары
11. Борбордун ишинин негизги милдеттери жана багыттары:
- айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу ишин жүргүзгөн агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдү аларды окутуу жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу, бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча маалыматтарды берүү аркылуу колдоо;
- маалыматтык камсыздоо, консультацияларды берүү жана тышкы соода маселелери боюнча окутууну уюштуруу аркылуу агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- агробизнести жүргүзүүнүн кеңири спектри боюнча агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөргө консультацияларды берүү;
- жергиликтүү консультанттарды агробизнестин ишканаларын башкаруу, өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын талаптагыдай башкаруу маселелери боюнча окутууну уюштуруу жана өткөрүү;
- белгиленген тартипте тендердик жол-жоболорду өткөрүү;
- донордук уюмдардын, агробизнестин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын заказы боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүү;
- долбоорлоо сунуштарын даярдоо, айыл чарба жана агробизнес чөйрөсүндөгү эл аралык донор уюмдардын долбоорлорун ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Борбордун каржылоо булактары жана мүлкү
12. Борбордун ишин каржылоо булактары уюштуруучу тарабынан бөлүнгөн каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар болуп саналат.
13. Борбордун мүлкү:
- Борборго мамлекеттик бюджеттен берилген каражаттардын жана мүлктүн;
- гранттар, кредиттер, ссудалар жана заемдор аркылуу түшкөн каражаттардын жана мүлктүн;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана чет мамлекеттердин, ошондой эле айрым жарандардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн;
- Борбор тарабынан кардарларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен түзүлөт.
14. Борбор өзүнүн мүлкүн оперативдүү башкаруу укугуна ээ. Борбордун мүлкү болот, ал аны Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 231-статьясына ылайык пайдаланат жана тескейт.
Кардарларга кызмат көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер жана мындай кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк Борбордун өз алдынча тескөөсүнө берилет жана өзүнчө баланста эсептелет.
Өзүнүн милдеттенмелерин жабуу үчүн Борбордун ресурстары жетишсиз болгондо ушундай милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бардык каражаттар бекитилген бюджетке, ошондой эле директор бекиткен Борбордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобого ылайык пайдаланылат. Борбор топтогон акча каражаттары мамлекеттик бюджетке которулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Борбордун финансылык жана операциялык жылы Борбордун түзүлүшүнүн жана ишинин биринчи жылынан башка учурларда, ар бир жылдын 1-январында башталат жана 31-декабрында аяктайт. Финансылык/операциялык жыл аяктагандан кийин жылына бир жолу Борбор өзүнүн финансылык ресурстарынын жана ишинин тышкы аудитин жүргүзөт.
V. Борборду башкаруу органдары
17. Борборду башкаруу органдары байкоо кеңеши жана директор болуп саналат. Байкоо кеңешин түзүүнүн жана Борбордун директорун дайындоонун тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары ушул Устав тарабынан аныкталат.
VI. Борбордун байкоо кеңеши
18. 7 адамдан турган байкоо кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет.
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү, ал министрликтин кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) министр тарабынан дайындалат, Кеңештин төрагасы болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, ал министр тарабынан өзүнүн кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) дайындалат.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү, ап министрликтин кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) министр тарабынан дайындалат;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү, ал палатанын төрагасы тарабынан өзүнүн кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) дайындалат;
- Айыл чарбасы жана агробизнес секторундагы менчик структуралардын үч өкүлү, алардын кандидатуралары Борбордун директору тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Байкоо кеңешинин мүчөлөрү анын курамында туруктуу негизде иштешет. Байкоо кеңешинин бир мүчөсүн алмаштыруу же болбосо анын бүткүл курамын өзгөртүү ушул Уставдын 18-пунктунда белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
20. Байкоо кеңешинин ыйгарым укуктары:
- ушул Уставда аныкталган негизги милдеттерге ылайык Борбордун милдеттерин аныктоо;
- Борбордун бюджетин жана жылдык планын бекитүү;
- Борбордун жылдык пландарды аткаргандыгы жөнүндө жылдык отчетторун угуу жана баалоо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Борбордун директору тарабынан коюлган проблемаларды талкуулоо жана анын чечими боюнча сунуштарды аныктоо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ушул Уставдын 20-пунктунда көрсөтүлгөн байкоо кеңешинин ыйгарым укуктары биротоло ыйгарым укуктар болуп эсептелет. Байкоо кеңеши алардын чегинен чыгышы, директордун ишине кийлигиши мүмкүн эмес. Байкоо кеңешинин мүчөлөрү Борбордун атынан аракеттенүүгө укуксуз.
Байкоо кеңешинин мүчөлөрү Борборго карата лоялдуулукту сактоого тийиш. Алар берилген мүмкүнчүлүктөрдү ушул Уставга карама-каршы келген максаттарда пайдалана же Борбордун мүлктүк жана мүлктүк змес таламдарына зыян келтире алышпайт.
22. Байкоо кеңешинин ишине ассоциацияланбаган мүчөлөр добуш берүү укугусуз катыша алат. Адамдарды ассоциацияланбаган мүчөлөр катары байкоо кеңешинин курамына киргизүү тартиби байкоо кеңешинин өзү тарабынан аныкталат.
VII. Борбордун байкоо кеңешинин заседаниелерин өткөрүү тартиби
23. Байкоо кеңешинин биринчи заседаниесин өткөрүү Борбор юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин алты айдын ичинде директор тарабынан уюштурулат. Биринчи заседаниеде байкоо кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнө ыйгарым укук берген тиешелүү документтерди алып келишет.
24. Өзүнүн биринчи уюштуруу заседаниесинде байкоо кеңеши толук курамда заседание өткөрөт. Байкоо кеңешинин биринчи уюштуруу заседаниесинде жана анын калган кийинки бардык заседаниелеринде Борбордун директору милдеттүү тртипте катышат.
25. Байкоо кеңешинин мүчөлөрү Борбордон же кандайдыр бир башка булактан байкоо кеңешинин мүчөсү катары өзүнүн ишин жүзөгө ашыргандыгы үчүн эмгек акы, калем акы же башка компенсация албайт.
26. Байкоо кеңеши өзүнүн ишин ушул Уставдын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Борбордун ишине тиешелүү болгон макулдашууларга ылайык жүзөгө ашырат.
27. Байкоо кеңешинин заседаниеси жылына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат. Атайын заседаниелер уюштуруучунун, байкоо кеңешинин төрагасынын, Борбордун директорунун же байкоо кеңешинин ар кандай үч мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн. Бардык мүчөлөрдүн 50 проценттен ашыгы катышканда байкоо кеңешинин кворуму болду деп эсептелет. Байкоочу кеңеш электрондук байланыш каражаттары аркылуу, анын ичинде электрондук почта боюнча жыйындарды жана электрондук добуш берүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Байкоо кеңешинин чечими кеңештин курамынын бардык санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө добуштар бирдей болуп калганда төраганын добушу чечүүчү добуш болот.
Байкоо кеңешинин бардык мүчөлөрүнө байкоо кеңешинин заседаниеси өткөрүлгөнгө чейин он жумушчу күнүнөн мурда анын заседаниеси тууралуу тиешелүү түрдө кабарланууга тийиш. Атайын же өзгөчө заседаниелер учурунда кабарлоо байкоо кеңешинин мүчөлөрүнө үч жумушчу күндөн аз эмес мөөнөттө жиберилүүгө тийиш. Кабарлоодо боло турган заседаниенин күн тартиби камтылат, ага күн тартибине байланыштуу бардык зарыл документтер тиркелет.
Байкоо кеңешинин заседаниеси Борбордун директору тарабынан белгиленген бир кызматкер тарабынан протоколго жазылат Протоколдорго төрага кол коет жана байкоо кеңешинин бардык мүчөлөрүнө жана Борбордун директоруна берилет.
Байкоо кеңешинин ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Борбор тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Борбордун байкоо кеңешинин мүчөсүнүн Борбордун ишине тикелей же кыйыр материалдык кызыгуусу болбоого тийиш. Ушундай факты аныкталган учурда мындай мүчө аны дайындаган тарап тарабынан байкоо кеңешинин курамынан чыгарылат.
29. Байкоо кеңешинин мүчөсү кеңештин курамынан өзүнүн демилгеси менен чыгышы мүмкүн. Мында чыккан адамдын ордуна жаңы мүчөнү курамга киргизүү ушул Уставдын 18 жана 19-пункттарында белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
VIII. Борбордун директору
30. Борбордун директору Дүйнөлүк банктын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор өзүнүн компетенциясынын чектеринде байкоо кеңешине отчет берет.
31. Директор Борбордун күндөлүк иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директор өзүнүн ишин ушул Уставдын жоболоруна ылайык көз карандысыз жана тыштан кийлигишүүсүз жүзөгө ашырат. Директордун ыйгарым укуктары бардык юридикалык жана жеке жактардын алдында Кыргыз Республикасында да, ошондой эле чет өлкөдө да Борбордун өкүлү болууну, Борбордун атынан келишимдерди, протоколдорду, макулдашууларды жана башка документтерди түзүүнү, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды камтыйт.
Директор: Борбордун иши үчүн зарыл болгон милдеттердин долбоорлорун; Борбордун бюджетинин жана жылдык планынын долбоорлорун; Борбордун проблемаларын чечүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат жана байкоо кеңешинин кароосуна киргизет Борбордун директору жылдык пландын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту даярдайт жана аны байкоо кеңешинин кароосуна берет.
Иш пландарын, бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу, отчеттуулукту жүргүзүү Дүйнөлүк банк тарабынан белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
32. Директордун бир орун басары жана Борбордун башка кызматкерлери болот, алар Дүйнөлүк банктын макулдугу менен директор тарабынан дайындалат.
33. Борбордун бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурстарды өткөрүү, талапкерлерди тандап алуу жана аларды дайындоо, чет өлкөлүк консультанттарды жалдоо, ошондой эле жергиликтүү консультанттардын кызматтарын тандап алуу жана сатып алуу Дүйнөлүк банктын сатып алуу жол-жоболору боюнча жүзөгө ашырылат. Мындай учурлар Борбор Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашырганда болот. Калган учурларда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору же болбосо башка донор уюмдар менен макулдашылган жол-жоболор колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
IX. Борбордун отчеттуулугу
34. Борбордун директору байкоо кеңешинин алдында жылына бир жолу отчет берет, ошондой эле байкоо кеңешинин төрагасынын чечими боюнча аткарылган иштер жөнүндө тиешелүү отчет берүүгө милдеттүү.
35. Борбор белгиленген үлгүдөгү отчетторду Дүйнөлүк банк жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган жол-жоболорго жана талаптарга ылайык берет.
X. Борбордун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
36. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор байкоо кеңешинин же Борбордун директорунун сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилет.
Борбордун Уставына түзөтүүлөр же анын жаңы редакциясы Дүйнөлүк банктын макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн.
Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
XI. Борбордун ишин кайра уюштуруунун же токтотуунун тартиби
37. Борбордун иши Дүйнөлүк банктын макулдугу менен уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде сот тарабынан токтотулушу мүмкүн.
38. Борбор жоюлгандан жана кредиторлор менен эсептешүүлөрдөн кийин калган жана юридикалык макулдашууларга ылайык кайтарылган мүлк жана акчалай каражаттар Борбордун уюштуруучусуна жана Борбордун ишин каржылаган эл аралык финансы институттарына алардын салымына ылайык кайтарылып берилет.
39. Борбордун иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.