Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2018-жылдын 20-июлу № 07
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 31.05.2018-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын өз ара макулдашуусун эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 31.05.2018-жылдагы № 3 токтомунун 2,3 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-Калмурзаев Марат Сагынбекович - “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун, жана ушул туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын;
-Осмонов Талантбек Маматазизович -“Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп кошулсун.
2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
4. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |