Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу № 08
2018-жылдын 6 (алты) ай ичинде Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштер, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун маалыматын, туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун маалыматы эске алынсын.
2. 2018-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн (атайын каражаттарды кошпогондо) 16070,8 миң сомго аткаруу пландалса, иш жүзүндө 15675,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн, салыгы төлөнбөгөн объекттер тактоого алынсын, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгы менен тыгыз байланышта иштер жүргүзүлсүн.
4. Сырттан инвестиция тартуу боюнча иштер колго алынсын.
5. Жыл башында бекитилген акча каражаттарынын, үнөмдөлгөн акча каражаттарынын мыйзам талаптарына ылайык жумшалуусу катуу көзөмөлгө алынсын.
6. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |