Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 13
Токтогул шаарынын Черноткач көчөсүнүн түндүк тарабындагы 72 м2 жер аянтында мөмө-жемиш, жашылча сатууну токтотуу, муниципалдык жерди баштапкы абалга келтирүү
Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 02.08.2018-жылдагы № 01-34/418 сандуу кайрылуу каты боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бийлик муниципалдык менчиктеги жерди өз каалоосу боюнча пайдалана ала тургандыгы жана ага ээлик кыла тургандыгы эске алынсын.
Черноткач көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 72 м2 жер аянтын убактылуу пайдалануу боюнча түзүлгөн бардык келишимдер мөөнөтүнөн мурда бузулсун, экинчи тарапка алдын ала билдирүүлөр берилсин, жер баштапкы абалга келтирилсин.
Бул жер тилкесинде жашылча, мөмө-жемиштерди жана башка соода сатык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынсын, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Бардык жашылча, мөмө-жемиш сатууну белгилүү бир жерге уюштуруу үчүн жеке ишкер Г.Сонунбаева менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн, ага тиешелүү жерди пайдалануунун багыты өзгөртүлсүн.
Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин. Аткаруу мөөнөтү 1 (бир) ай.
Токтомдун аткарылышын жалпысынан көзөмөлдөө муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Калмурзваеге тапшырылсын.
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIIсессиясынын 06.06.2016-жылдагы № 90 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |