Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги X сессия
2018-жылдын 12- июлу №2
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мекемелеринин балансындагы автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу жана сатуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.05.2018-ж.чыг № 04-09/1314-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги автоунаа каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү Жобо, акты, тактамалардын үлгүлөрү №1,2,3,4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |