Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги X сессия
2018-жылдын 12- июлу №3
Жалал-Абад шаарындагы уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык стациялары орнотулган жер тилкелеринин зоналарын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын тургундары Э.Зияйдинов, Н.Сайитбеков жана О.Талиповалар өз жеке менчик жер тилкелериндеги “Скай Мобайл” уюлдук байланыш компаниясынын антенналары турган жер аянтчаларынын укуктук зоналарын өзгөртүп берүү жөнүндө кайрылган арыздарын, тийиштүү кызматтардын корутундуларын эске алып, Жалал-Абад шаарынын калкын сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы “Скай Мобайл” уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциялары орнотулган төмөнкү жер тилкелеринин зоналары:
Жалал-Абад шаарынын 95а кварталынын Торговый кичи көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 25м2 жер тилкеси П-1 зонасынан К-1 зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү жалпы аянты 4м2 жер тилкеси Ц-1 зонасынан К-1 зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарынын Пригородный кичи районунун жалпы аянты 20м2 жер тилкеси Ж-1А зонасынан К-1 зонасына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |