Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги X сессия
2018-жылдын 12- июлу №5
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев АБнын Кыргызстан айылына инвесторлордун салымы менен үй бүлөлүк дарыгерлер мекемесин куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 20.06.2018-ж.чыг№ 06-5/464-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, кошумча суралган 04.07.2018-жылдагы №06-5/521-катты эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев АБнын Кыргызстан айылындагы №18-орто мектебинин күн чыгыш тарабындагы Кыргызстан-1 дарегиндеги 800 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө жана “Асанаабил” эл аралык кайрымдуулук фондунун колдоосу менен үй бүлөлук дарыгерлер мекемесин курууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (М.Тагаев), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) курулуш иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү боюнча көзөмөлгө алуу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |