Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги X сессия
2018-жылдын 12- июлу №6
Жалал-Абад шаарынын 2016-2026-жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 04.07.2018-жылдагы чыг.№04-01/1720-каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы кезектеги IV сессиясынын №9-токтому менен бекитилген Жалал-Абад шаарынын 2017-2026-жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү программасына №1-тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
| Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясынын 2018-жылдын « 12 » июль 2018-ж. 6- токтомуна 1- тиркеме |
№ | Долбоордун аталышы | Аткарууга жооптуу | Күтүлүп жаткан жыйынтык |
| 35,0 миң м3 кѳлѳмдѳгү саркынды сууларды тазалоочу курулмадан шаарга чейин аралыкта саркындуу суу түүтүмүн тазалоо. Саркынды тазалоочу эски курулманын ичиндеги хлор салуучу имаратын реконструкциялоо. | Мэрия, Сууканал башкармалыгы | Шаардын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №4 МГ имаратын ички, сырткы бѳлүгү капиталдык ремонт. | Мэрия, ШБББ, капиталдык курулуш департаменти (ККБ) | Мектеп окучуулардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №5 МГ имаратын чатырын алмаштыруу. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Мектеп окучуулардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №8 ОМ имаратын терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Мектеп окучуулардын жана жумушчулардын шартартын жакшыртуу. Жылыткыч чыгымдарын кѳлѳмүн азайтуу. |
| Шаардын №14 ИМЛ имаратын 2 корусунун сыртык капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Мектеп окучуулардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. Жылыткыч чыгымдарын кѳлѳмүн азайтуу. |
| Шаардын №16 ОМ имаратын сыртын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Мектеп окучуулардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. Жылыткыч чыгымдарын кѳлѳмүн азайтуу. |
| “Ариет” БЧБ жылыткыч системасын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Жылыткыч чыгымдарын кѳлѳмүн азайтуу. |
| Шаардын №2 «Дружба» бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №6 «Березка» бала бакчанын имаратын чатырын алмаштыруу, ашканасы жана кир жуучу жайы. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №17 «Каакым» бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү, 1-кабаттын коридорунун полун алмаштыруу. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №33 «Бермет» бала бакчанын имаратын имаратын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| №36 «Чабалекей» бала бакчанын от казанын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. Жылыткыч чыгымдарын кѳлѳмүн азайтуу. |
| УБТБУ «Акбермет» имаратын толук капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Балдардын жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №3 ҮБТ имаратын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Шаардын жарандарынын жашоо жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын №5 ҮБТ имаратын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, ШБББ, ККБ | Шаардын жарандарынын жашоо жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаарда мектептердин жанында чакырмалуу 6 светофор орнотуу. | Мэрия, КЧД, МАИ | Окуччулардын жана жарандардын жол коопсуздугун камсыз кылуу. |
| Шаардын 2 аянтында фонтандардын электр насосторун алмаштыруу. | Мэрия, КЧД | Шаардын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын эски тѳрѳт үйдүн имаратын оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүү. | Мэрия, областтык оорукана | Шаардын жарандарынын жашоо жана жумушчулардын шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын Токтогул атындагы эс алуу багын реконструкциялоо жана 2 даарат кана куруу. | Мэрия, ММБ | Шаардын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын «Жеңиш» эс алуу багын реконструкциялоо жана 1 даарат кана куруу. | Мэрия, ММБ | Шаардын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу. |
| Шаардын Горький кѳч. Эки жагына жѳѳ жүргүнчүлѳргѳ жүрүүчү жол куруу | Мэрия, КЧД | Шаардын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу. |
Жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |