Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2018-жылдын 17-июлу № 13/3
Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү бак-дарактарды кыркуу жөнүндө
Кербен шаарында “Таза-Суу” долбоорунун жумуштары башталып жумуш аткарууда жолдун жээгиндеги тоскоол болуп жаткан бак-дарактарды кыйуу боюнча кайрылган. Кербен шаардык Кеңештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 42 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кербен шаарында «Таза-Суу» долбоору аткарылып жаткандыгынабайланыштуу жолдун жээгиндеги, тратуардагы жумушка тоскоол болгон бак дарактарды кыркууга уруксат берилсин.
2. Жумуш аткарууга тоскоол болгон бак-дарактарды кыркуу боюнча Кербен шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен коомчулуктан биргелешкен убактылуу комиссия түзүлсүн.
3. Кыркылган бак-дарактарды баалап, түшкөн каражатты Кербен шаарынын бюджетине кириштөө комиссия мүчөлөрүнө жана Кербен шаарынын мэриясынын финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |