Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2018-жылдын 17-июлу № 13/4
“Таза-Суу долбоору боюнча Кербен шаарынын мэриясынын атынан М.Токтомушевди өкүл кылып дайындоо жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 19.06.2018-жылдагы № 3-34/477 сандуу билдирүүсүндө жаңы курулуп жаткан “Таза-Суу” долбоорун жүргүзүүдө М.Токтомушевду Кербен шаарынын мэриясынан өкүл катары дайындоого шаардык Кеңешке билдирген. Бул өкүлдү бекитүү менен жаңы курулуп жаткан “Таза-Суу” долбоору сапаттуу бүтүп, көп жылдар бою шаардын калкына ичүүчү суу менен камсыздалат.
Кербен шаардык Кеңештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 45 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кербен шаарында ишке ашып жаткан «Таза-Суу» долбоорунун алкагындагы жаңы курулушуна Кербен шаарынын мэриясынын атынан М.Токтомушевду өкүл катары дайындоого макулдук берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясы: «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо боюнча КРнын мыйзамдарына ылайык иш чараларды жүргүзсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |