Редакцияот 17.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2018-жылдын 17-июлу № 13/7

Кербен шаарынынын «Кербен сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин талапкерине макулдук берүү жөнүндө

Кербен шаарынын мэринин 16.07.2018-жылдагы № 3-34/5171 сандуу “Кербен сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчисине талапкерди дайындоого макулдук берүү максатында, “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин пунктунун 4-пунктчасына ылайык маселени карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кербен шаарынын “Кербен сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматына Бактыяров Мирзавалини дайындоого макулдук берилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков