Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4
«Жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө»
Күн тарбиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин өтүнүчү эске алынсын.
Масы айылдык маданият үйүнүн аянтынан 0,12 га жер тилкеси 5 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдалануу үчүн Масы муниципалдык комбинатына берилсин.
Тийтиштүү иш кагаздарын даярдоо Ноокен райондук мамкаттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |