Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 7
«Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө»
Масы айыл аймагындагы бала бакчаларда кыш мезгилине карата жылытуу системасынын начар иштегендигинен, балдарга тамак-аш бышыруу үчүн отундун жоктугунан жана балдарды бакчага алуудагы кезектердеги нааразычылыктарды чечүү максатында Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы бала бакчаларда кыш мезгилине карата жылытуу системасынын начар иштегендигин, балдарга тамак-аш бышыруу үчүн отун маселесин иликтоо үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1)Б.Жусупбеков- Масы айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2)С.Исраилов-Масы айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3)А.Курбаналиев- Масы айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
2. Иликтөө иштерин жүргүзүп, комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |