Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 8
«Жол коопсуздугу жонундо»
Масы айылдык кеңешинин депуаты М.Култаевдин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында, айыл аймагындагы мектеп жана бала-бакчалардын жанындагы автоунаа өтүүчү жолго талапка жооп берген ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын зебра жол белгилери менен орнотулсун.
2. Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын зебра жол белгилери менен орнотуу ДЭП-51 ишканасынан суралсын.
3. Масы айылынын Ош-Бишкек авто жолунун жээгинде көмүр жана башка турмуш тиричилигине керектүү буюмдарды сатуу менен алектенгендерге жол жээгинде соода кылууга тыюу салынсын.
4. Такси менен алектенгендер Масы айылынын борборунда жайгашкан светафордун тегерегинде (такси стоянка) турууга тыюу салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |