Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 3
«Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы көрсөткүчтөрү жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө”
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мирзахматовго тапшырылсын
Төрага | А.Нарматов |