Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 5
“Масы айыл өкмөтүнүн 2018- жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2019-2020-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүнүдө”
Масы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Масы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Калматовтун айыл өкмөттүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Калматовтун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга планы жана 2019-2020-жылдардын долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2018-жылга планы 33331,1 (отуз үч миллион үч жүз отуз бир миң бир жүз) сом жана 2019-жылга долбоору 32441,5 (отуз эки миллион төрт жүз кырк бир миң беш жүз) сом, 2020-жылга долбоору 34377,5 (отуз төрт миллион үч жүз жетимиш жети миң беш жүз) № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2018-жылга планы 33331,1 (отуз үч миллион үч жүз отуз бир миң бир жүз) сом жана 2019-жылга долбоору 32441,5 (отуз эки миллион төрт жүз кырк бир миң беш жүз) сом, 2020-жылга долбоору 34377,5 (отуз төрт миллион үч жүз жетимиш жети миң беш жүз) № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 300,0 ( үч жуз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынан киреше бөлүгү 4212,5 (төрт миң төрт жүз элүү миң) сом жана чыгаша бөлүгү 4212,5 (төрт миң төрт жүз элүү миң) сом № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
7. Масы айыл өкмөтүнүн мектептериндеги жаш мугалимдерге 2016-жылга төлөнүүчү жөлөк пулдар 2018-жылы 60,0 мин сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча 2016-жылдын 16-майындагы № 59–мыйзамынын 24-статьясына 251,6 мин сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
9. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөтүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |