Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 16-марты № 1
“Масы айылынын Проектируемая көчөсүнүн тургуну Г.Тажикулованын жана Сай-Маала участкасынын тургуну Г.Нематованын арыздарын кароо жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Масы айыл аймагынын Проектируемая көчөсүнүн тургуну Г.Тажикулованын жана Сай-Маала участогунун тургуну Г.Нематованын арызы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагынын тургундары Г.Тажикулованын ден-соолугуна байланыштуу Индия мамлекетинде боорун алмашырууга муктаж болгондуктан Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30 000 (отуз миң) сом, Г.Нематованын жүрөгү ооругандыктан операция жасатууга Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
Төрага | А.Нарматов |