Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 16-майы №1
Масы айылынын тургундары Г.Ракманова, К.Рахманов, Н. Артыкбаева жана М.Садыкованын арыздарын кароо жонундо
Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Г.Ракманованын жолдошу Каримов Алмазбек инсульт болгондуктан анын дары дармектерине акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Бабур көчөсүнүн тургуну К.Рахмановдун жашап жаткан үйүнө 2018-жылдын май айында чагылган түшүп үйү жараксыз абалга келгендиктен акчалай жардам сураган, Беш-Жыгач көчөсүнүн тургуну Артыкбаева Нилюфардын жашап жаткан үйү 2017-жылы ноябрь айында күйүп кеткен жана Токтогул көчөсүнүн тургуну Садыкова Манзуранын 2018-жылдын июнь айында шамалдын кесепетинен жашап жаткан үйүнүн шыйпыры толугу менен учуп кеткен тубаса 2 майып баласынын дары дармегинен акча каражатынын ашпагандыгын билдирип арыз менен кайрылган арыздары боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын тургундарынын арыздары жана алардын жашоо шарттары эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн тургундары Рахманов Казимжанга, Артыкбаева Нилюфарга жана Садыкова Манзураханга табыгый кырсыктардан жабыр тарткан турак- жайларын калыбына келтирүү үчүн ар бирине 30,000 (отуз миң) сом. Ал эми Ракманова Гулзаданын жолдошу Каримов Алмазбекти дарылатуу үчүн 25, 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 6 айында өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин акчалай жардам көрсөтүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |