Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 16-майы № 4
“Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Кадырова Канышайдын менчигиндеги жер тилкесин Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 35-беренесинин 1-пунктуна таянып, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Кадырова Канышайдын макулдугу менен жеке менчигиндеги 650,0 кв. метр жер тилкеси Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Масы айылыны Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Кадырова Канышайдын макулдугу менен өзүнүн жеке менчигиндеги 650,0 кв. метр жер тилкеси Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Кадырова Канышайдын макулдугу менен өзүнүн жеке менчигиндеги 650,0 кв. метр жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлгөндөн кийин Кызыл-Кыштак айылынын тургундарына намаз кана куруу максатында 650,0 кв.м жер тилкесине намаз кана куруу үчүн иш кагаздары даярдалсын.
3. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Ноокен раймамкаттоо башкармалыгына жана Ноокен рай архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |