Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 16-майы № 5
«Масы айыл аймагында ичүүчү суу жана канализация жөнүндө»
Масы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы №01-35/392 сандуу каты жана Масы суу түтүктөр чарбасы менен реконструкция жана өнүктүрүү Евразиялык банкынын ортосундагы «Масы айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реаблитациялоо» долбоордук келишимдин шарттарын жана Масы айылдык кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып комиссиянын корутундусунун негизинде Масы айылдык кеңешинин депутаттарынын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жалал-Абад областына кредит берүү жөнүндөгү» токтомдун долбооруна Масы айыл өкмөттүн башчысы кол коюп, Өкмөттөн бөлүнө турган кредит менен судданы убагында бөлдүрүү жагы милдеттендирилсин.
2. Масы суу түтүктөр чарбасынын жана канализацияларын оңдоо үчүн Өкмөттүн токтомунун негизинде бөлүнө турган акча каражатын максаттуу пайдалануу жана кредитти өз убагында кайтаруу жагы «Масы суу түтүктөр чарабасы» башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |