Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 16-майы № 7
“Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө”
Масы айыл аймагында артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик эмес уюмдары тарабынан айылдын өнүгүсүү үчүн берилген акча каражаттарынын ачык- айкындуулугун камсыздоо боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын 2018-жылдын 17. 04. № 01-35/280 сандуу чыгыш каты менен сунушталган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгү курамда түзүлсүн.
1. М.Сулайманов-Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2. А.Нурунбетов-Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.
3.Б.Раимбекова-Масы а/о аялдар кенешинин төрайымы, комиссиянын
мүчөсү.
4.М.Култаев- Масы айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5.О.Алыкулов- Масы айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6.А.Кыргызбаев- Апыртан айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
7.Б.Шатманова- АДКнын мүчөсү, комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Назаровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |