Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 16-майы № 8
«Масы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине АРИСтин долбоорунун жана Масы айыл өкмөтү менен биргеликте алынган JCB.3DX техникасы жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. JCB.3DX эксковатор техникасы айыл өкмөттүн жайыт комитетинин балансына өткөрүлүп берилип, мамлекеттик номер алгынча техниканы иштетүүгө тыю салынсын.
2. JCB.3DX эксковатор техникасы келгенде 37 мото саат менен келип учурда 265 мото саат болгон, ортодогу айырма 228 мото сааттын акча каражатын иликтеп жазуу түрүндө 1 айлык мөөнөттө маалымат берүү жайыт комитетинин төрагасы А.Нурунбетовго милдеттендирилсин.
3. JCB.3DX эксковатор техникасынын иштөө мээнети 1 (бир) мото саатка 1000 (миң) сом акча каражаты бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |