МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 1
“Масы айылдык кеңешинин депутаты Мирзахматов Адилбек Орозбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө»
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-пункту жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесине ылайык Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирзахматов Адилбек Орозбекович Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылына айыл башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |