Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 5
«Масы айыл аймагындагы мектептерге берилген атайын техникаларды жокко чыгаруу жөнүндө»
Масы айылындагы № 3 Р.Алибаев атындагы орто мектептин директору П.Саримсаковдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы мектептерге берилген атайын техникалар (грузовой) мындан 20 жыл мурун берилген, учурда жараксыз абалга келген, тийиштүү мекеме иш каналардан иш кагаздарын топтоп жараксыз абалга келген техникаларды 2018-жылдын 1-сентябрына чейин жокко чыгаруу мектеп директорлоруна жана Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |