Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 7
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын сунуштары эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашкандыктан социалдык жана айыл чарбасына тийиштүү болгон маселелерди ыкчам кароо үчүн автоунаа менен барганы күйүүчү май талап кылынгандыктан жергиликтүү бюджеттен айыл өкмөттүн орун басарына жеңил автоунаасы ижарага алынып, ижара акысы айына 6000 (алты миң) сомдон ашпаган жана 120 (жүз жыйырма) литр күйүүчү май сатып алуу үчүн акча каражаты каралсын.
3. Масы айыл аймагындагы бала-бакчаларда электрондук кезекке коюуу үчүн электрондук сайт ачуу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
4. Масы балдар спорт мектебинин бүгүнкү күндө ажатканага муктаж болгондуктан ажаткана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 70 000 (жетимиш миң) акча каражатын бөлүп берүү жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |