Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 8
Масы айылынын тургуну Умурзаков Эркинжандын арызын кароо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-августундагы № 260-токтомунун негизинде үй-бүлөөсүнө 0,85 га жер үлүшү берилген, бирок үлүш жерин бүгүнкү күнгө чейин ала албай келгендигин жана анын кайсы жерден бергени белгисиз экендигин билдирип арыз менен кайрылган. Айылдык кеңештин депутаттарынын бир топ сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-августундагы № 260 токтомунун негизинде үй-бүлөөсүнө берилген 0,85 га жер үлүш жерин бир айлык мөөнөттө тактап иликтеп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |