Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 10
Масы балдар билим берүү борборунун жылытуу системасын ремонттоп машыгуучу зал ачуу жөнүндө
Масы айылдык кеңешинин депутаты Т. Акматбек уулунун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы балдар билим берүү борборунун жылытуу системасы жараксыз абалга келгендиктен, жаштарды спорт менен машыгууга шарт түзүү максатында ремонттоп машыгуучу зал ачууга макулдук берилсин.
2. 2018-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип, жылытуу системаны ремонттоого кошумча акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |