Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 11
О.Мараимованын арызын кароо жөнүндө
Масы айылдык кеңешинин депутаты Р.Мараимовдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын Ленин көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан О.Мараимовага таандык болгон ашканага кирип чыгуучу туурасы 1метр узуну 4 метр болгон жол ачууга руксат берилсин. Ашкананын жанында бош жаткан жер тилкесин айлана чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү О.Мараимовага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |