Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 13
«Сапар» ачык акционердик коомунун сунушу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезе ктеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагында «Ассалам» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана жесир аялдарга курулган 10 кожолуктагы үйлөрдүн бүгүнкү күндө жайгашкан 1400 м2 жер аянты «Сапар» ачык акционердик коомуна таандык болгондуктан, өз ара келишимдин негизинде Масы айыл аймагынан трансформацияга берилип жаткан жерден, толугу менен жер трансформациядан өткөндөн кийин «Сапар» ачык акционердик коомуна 0,18 га жер тилкеси бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтарамын.
Төрага | А.Нарматов |