Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы № 2
“Масы айылынын Беш-Жыгач айылында жайгашкан мечиттин жер участогу (иден.коду 3-04-05-1006-0050) 2003-жылы мамлекеттик системалык катоо мезгилинде катталып, бирок укук берүүчү документтери болбогондугу жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Масы айылынын Беш-Жыгач айылында жайгашкан мечиттин жер участогу (иден.коду 3-04-05-1006-0050) 2003- жылы мамлекеттик системалык каттоо мезгилинде каталып, бирок укук берүүчү документтери болбогондугуна байланыштуу 1170 м2 жер тилкесине намаз кана куруу үчүн иш кагаздары даярдалсын.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Ноокен раймамкаттоо башкармалыгына жана Ноокен рай архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |