Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын 7- сессиясы
2017-жылдын 26-майы № 7
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2017-жылдын 26-майындагы болуп откон VII- чакырылышынын 7- сессиясында Өзгөрүш айылдык Кенешинин депутаты Б. Жумашовдун сунушун карап, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Талас- Тараз трассанын жээгиндеги карагайларга орнотулган эски фонарларды алуу жана ички көчөлөргө бөлүштүрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн :
Р. Шатманов- Өзгөрүш айылдык Кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
М. Надырбаев- Өзгөрүш айылдык Кенешинин депутаты, төраганын орун басары;
Мүчөлөрү :
К. Шадыканов- Өзгөрүш айылдык Кенешинин депутаты ;
К. Кенекеев- - Өзгөрүш айыл аймагынын жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адистин м.а.
Бакай- Ата райондук электр тармактар ишканасынын өкүлү (макулдашуу жолу менен);
2. Эски фонарларды алуу боюнча чыгымдарына ЖКХдан 5,0 (беш) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчы А. Батырбековага жүктөлсүн.
Төрага | А. Атамбеков |