Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 13
Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-2021 жылдарга бюджети жөнүндө долбоору
Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 21-сессиясында Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 2019-ж 4621,7 мин сом 2020-ж 4821,2 мин сом жана 2021 - жылга 4821,2 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардагы бюджетинин киреше булагы боюнча №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркеме ылайык булактардан турары бекитилип берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык Кеңешинин Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |